Учакта чуу салган министрдин мурдагы орун басары Зууракан Каденова Бишкекке учуп кетти

Түштүк Кореяда мас абалында учакта чуу салган социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова Бишкекке учуп кетти. Бул тууралуу 23-сентябрда Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, Каденова түнкү саат 2де элчиликтин кызматкерлери тарабынан Инчон шаарындагы жатаканага жайгаштырылып, эртең менен Сеул-Алматы-Бишкек каттамындагы учакка отуруп учуп кетти.

22-сентябрда Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак эки саат кечигип учууга аргасыз болгонун каттам жүргүзгөн "Эйр Астана" компаниясынан SUPER.KG'ге кабарлашкан. Аталган маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилиги да тастыктаган.

Ушул эле күнү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аны ээлеген кызматынан бошотуу буйругуна кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Almaz-Tokuev
2018-09-23 13:29:59
Уят эле зууракан эже бир эле озун эмес бутундой кыргыз элин уят кылдын.сага кыргызстан дейсинби бизде жаман конгонсунорда чиновнитер каалаганын кылып.
+14
futboler
2018-09-23 13:30:29
Көпкөн экен эжекем
+6
anash
2018-09-23 13:42:01
жээнди тосуп алгыла.....
+2
Natun
2018-09-23 13:48:41
Каденованын президентке кайнаса каны, сызгырса майы кошулбайт
0
Akshumkar
2018-09-23 13:49:23
Ошол бойдон наркы тундук кореяга жиберсенер болмок
+19
Jango
2018-09-23 13:50:07
Премьер министр молодец убагында жумуштан алып салды
+8
tnz
2018-09-23 13:56:54
Озунун жазасын алды ал арак деген нерсе жумуштан эмес башка дагы коп жакшылыктардан кур калтырат
+3
Bars88
2018-09-23 14:15:29
Ошондо билетти окмот алып бериппи же озунун чонтогунон алыппы.Кореяда тополон кылган катын Бишкекке келсе аэропорттон чыкпай коётго
+5
Jigitchem
2018-09-23 15:01:28
Bars88,окмот алып берген учун ызы чуу кылып атат да оз чонтогунон кетсе кокуй акчам куйот деп ###### ХХХХХХХХХ отурмак
+7
aerforce
2018-09-23 14:19:52
ХХХХХХХХ аял болбой уялсаң боло ичип алып аял киши тополоң салчу беле Кыргызда?
+13
Nanei
2018-09-23 14:29:23
aerforce,андай аялдар толтура
0
Firdaus-Muslim
2018-09-23 16:04:08
Эй атаңдын көрү Кыргыз чиновниктери бириң Японияда чуу салып, бириң Кореяда чуу салып Кыргыз өлкөсүн уят кылдыңарго.
+2
erlan2196
2018-09-23 16:23:30
Уят - деп уяттуклар айтса жакшы болмок. Бизде оздорунун уяты жок экенин билишпейт, анан бироого уятты тануулай беришет.
0
bond02
2018-09-23 17:43:09
Кубатым десе, азыраак ичпейт белен.
+1
talant87
2018-09-23 19:00:35
Мен ичкен эмесмин мени ичкен суума Бир нерселерди кошкон мансабым бирого керек болсо керек деп кутулат
+3
Bayazet
2018-09-23 20:16:41
talant87,туура айтын тамагыма бир нерсе кошкон дейт бул
+1
TalaCSKA
2018-09-23 21:29:26
talant87, 99.99 ℅ ушундай шылтоо менен кутулат же табак бет болуп интервью бербей качып журуп ункарып кутулат.сотко бериш керек Кореяга окууганы барган турбайбы значит бюджеттен акча кетти жок дегенде ошону ондуруп алыш керек !тайтандабай жоопкерличикти сезсин !!!
+1
kapchygai
2018-09-24 00:32:59
ичкилик жакшы эмес кулгонда жакшы эмес биз билбейбиз экинчи жактын оюн,мурунку ажобуздун кадрыбы кичине ичип койсо кудай озун кечир
-1
Akshumkar
2018-09-24 04:53:44
ХХХХХХХХХ Тундук кореяга калып калсан болмок ХХХХХХХХХХХХ сага окшогондор мамлекетибизди алдыга жылдырбайтат ХХХХХ
+1
admin_superstan
2018-09-24 11:42:29
Akshumkar, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан