5-октябрь Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Чүй облусунун Токмок шаарында 22-сентябрь күнү коргонуу-куткарууга арналган иш-чаралар өткөрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, ага министрликтин жетекчилиги, өздүк курам, жергиликтүү бийлик, жашоочулар, мектеп окуучулары, эл аралык уюмдар, облустук Жарандык коргонуу кызматтары катышты.
Иш-чара салтанаттуу жөө жүрүштөн башталып, ӨКМнын Чүй облустук башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан куткаруу шаймандары, техникалары, авариялык-куткаруу шаймандары катышуучуларга көрсөтүлүп, жол кырсыгында биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана жабырлануучуну туура транспорттоо, викториналар, жеңүүчүлөрдү сыйлоо, өрт колдонмо спорту, өрт өчүрүү менен коштолду. Мындан тышкары иш-чара салтанаттуу ыр, бийлер менен коштолуп, катышуучуларга балмуздак, тамак-аш жана кырсыктардын кесепеттерин азайтуу тууралуу маалыматтык баракчалар таркатылды. Андан соң ӨКМнын жана Жарандык коргонуу кызматтарынын атайын техникаларынын парады болуп, кече салют менен коштолду.
Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүн белгилөөнүн негизги - максаты табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндө билим берүү системин өркүндөтүү жана өзгөчө кырдаалдарда калктын туура жүрүм-турумун калыптандыруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” токтомунун негизинде өзгөчө кырдаалдар министринин буйругу менен 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин өлкөнүн бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүлүп жатат.