Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында 2017-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү маселеси каралат.
Аталган маселе боюнча экономика министри Олег Панкратов, каржы министри Адылбек Касымалиев, мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров, мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков, мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев жана Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов чакырылган.
Андан сырткары Социалдык фонддун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалымат да угулмакчы.