Төө-Ашуудагы тоннелдин оңдоо иштерине байланыштуу унаалардын каттамына чектөө киргизилди

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусундагы Х.Көлбаев атындагы тоннелде оңдоп-түзөө иштери башталды. Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинен билдиргендей, эми унаалардын каттамы атайын түзүлгөн график менен жүргүзүлөт.

Маалыматка ылайык, Төө-Ашуудагы тоннелде жыл сайын вентиляция системин оңдоо иштери жүргүзүлүп турат. Быйыл оңдоо иштери 18-сентябрда башталып 30-сентябрда аяктайт. Мындан улам унаалардын каттамы эртең мененки саат 08:00дөн 09:30га чейин жана 14:00дөн 15:30га чейин токтотулуп, оңдоо иштери болот. Ал эми калган убакытта тоннель ачык болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан