"Карыздарды жыл сайын кайтарып жаткандыгыбыздан экономикалык мүмкүнчүлүгүбүз улам жакшырып бара берет", - деди каржы министри Адылбек Касымалиев парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында.
Анын айтымында, мамлекеттик карызды кайтаруу көлөмү 2024-2031-жылдары эң жогорку чекке жетет.
"Учурда ИДПнын 15 пайызына чейин карыз алууга мүмкүнчүлүгү бар. ИДПбыз болсо жыл сайын өсүп турат. Бүгүнкү күндө 530 миллион доллардан карыз алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. 2024-жылдан тарта 300 миллион доллардан төлөй баштайбыз", - деди Касымалиев.
Депутаттар карыз алуунун чегин ИДПнын 70 пайызына чейин деп чектөө туура эмес экенин айтып чыгышты. Эл өкүлдөрү өкмөт кайра эле пайыздын чегин жылдырып бергиле деп суранып келишет деген пикирде.