"Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз өлкөсүнө 3,5 миллиард доллар грант келгенин айтып чыкты", - деди депутат Акылбек Жапаров парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында.
Жапаров аталган каражаттар эмнелерге жумшалганына кызыгып, каржы министри Адылбек Касымалиевге суроо салды.
"Кыргыз өлкөсүнө 3,5 миллиард доллар грант келиптир. Ошол акчалар каякта? Бул сом менен эмес, доллар менен келген. Мурунку президент ушуларды айтып чыкты. Биз билбеген сырларыңар барбы? 3,5 миллиард доллар Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолун курууга жетет го. Ушул акчага өзүбүз куруп коймок экенбиз да. Ушул боюнча атайын маалымат берсеңиздер”, - деди Жапаров.
Депутат Руслан Казакбаев да аталган каражаттар боюнча өкмөттөн маалымат алууну сунуштады.
Комитеттин төрагасы Эмил Токтошев аталган гранттан боюнча өкмөт өзүнчө маалымат берерин айтты.