Депутат мамлекеттик карыздын чегин 70 пайызга жогорулатуу боюнча: "Биз сыяктуу ресурсу чектелген өлкөлөрдүн мамлекеттик карызы ИДПнын 50 пайызынан ашса коркунуч деп эсептелет"

Кыргыз өлкөсү ресурсу чектелген өлкөлөрдүн катарында. Мындай пикирин депутат Руслан Казакбаев парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, Кыргыз өлкөсүнүн экономикасы көп тараптуу коркунучтарга байланып калган.

“Дүйнөлүк тажрыйбада ресурсу чектелген биз сыяктуу өлкөлөрдүн мамлекеттик карызы ИДПнын 50 пайызынан ашса коркунуч деп бааланып келет экен. АКШ, Сингапур, Түркияны мисалга албай эле коёлу. Орусиядагы кризис бизге канчалык таасирин тийгизип жатканын көрүп жатабыз. Доллар өзгөрсө эле биздин мамлекетти кыймылдата коюп жатат. Ушул сыяктуу экономикабызды байлап алган тармактар бар”, - деди Казакбаев.

Ал мамлекеттик карыздын көбөйүшү өлкөгө коркунуч алып келерин баса белгиледи.

Учурда мамлекеттик карыздын көлөмүн ИДПга карата 70 пайыз чейин деп чектөө талкууланууда. Буга чейин 60 пайыз чектөө бар деп айтылып келгени менен, ал расмий чектөө болбогонун каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди. Буга чейин Касымалиев мамлекеттик карызы ИДПнын 100 пайызынан да ашып кеткен өлкөлөр бар экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан