Өзгөндө 7-класстын окуучусу мал сарайдын ичинде асынып каза болду

Ош облусунун Өзгөн районунда 13 жаштагы мектеп окуучусу мал сарайга кирип асынып алды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 21-сентябрь күнү саат 10:10 чамасында Мырзаке айылында катталган. Асынып каза болгон Т.А. айылдагы мектептердин биринде окуган.

"Каза болгон өспүрүмдүн ата-энеси медициналык экспертизадан баш тартышты. Ал окуя болгон күнү жакшы эле жүргөнүн, атасы экөө быйылкы окуу жылында жакшы окуш керектигин сүйлөшүшкөн. Учурда бул окуя боюнча Өзгөн РИИБи териштирүү иштерин баштады", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
monster_high_98
2018-09-24 14:03:46
Кызык,ошого чейин ким жеткирди?
+2
Ka2sr1
2018-09-24 15:18:29
Олгондун жаза комгон.
+1
bars_wire
2018-09-24 15:55:05
Эмне болду экен.каап.Жалаң кыжаалат кылчу жаңылыктар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан