Ал кызматтан алат, кызматка дайындайт... Акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору сунушталууда

Акимдердин укугун кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору сунушталууда. Аталган мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаровдун айтымында, бул мыйзам долбоору президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасынын негизинде демилгеленүүдө.

Демилгечи белгилегендей, акимдердин ыйгарым укугу өтө эле чектелүү экендиги аталган мыйзам долбоорунун иштелип чыгышына түрткү болгон.

“Акимдердин ыйгарым укуктары менен милдеттери борбордук бийликке чогултулуп калган. 5 миң сом менен чечиле турган маселе үчүн да борборго кайрыла турган учурлар көп. Мындан улам эл жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишенбей калды. Жогорку бийлик бутактарынын өкүлдөрү дагы аймактарга аз барат. Мындан улам жергиликтүү элде ар кандай көйгөйлөр чечилбей келет”, - деди депутат Назаров.

Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, акимге бериле турган ыйгарым укуктар:

* Жаш курагы 30 жаштан жогору;

* Мамлекеттик кызматта 5 жылдан кем эмес иштеген, анын ичинен 3 жыл башкаруу тармагында иштөөгө тийиш;

* Магистрдик даражадагы билими болушу керек;

* Аны премьер-министр дайындайт;

* Аким райондун аймагындагы мамлекеттик кызматкерлерди кызматтан алат, кызматка дайындайт.;

Бирок: УКМКнын кызматкерлерин;

Коргонуу тармагынын кызматкерлерин;

Каржы полициясынын кызматкерлерин;

Статистикалык комитеттин кызматкерлерин кызматтан алып, кызматка дайындай албайт.

* Мындан сырткары аким кызматка дайындаган адам сынактан өтүүгө милдеттүү эмес.

Мыйзам долбоор комитет мүчөлөрү тарабынан талкууга алынды. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров аким дайындаган адам жумушка сынаксыз кабыл алынсын деген эрежеге каршы болду. Мыйзам долбоору комитет мүчөлөрү тарабынан жактырылып, кийинки окууга жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
patiydin
2018-09-24 14:13:02
Эми мына туура чечим. Акимдин бираз болсода абройу которулот.
0
Kanat.tls
2018-09-24 16:47:23
Туура. Бирок жөнөкөй адистер сынактан өтүшүп жатышат. Аким баш болуп райондогу жетекчилердин баарысы сынактан өтүп, билимдүүсү дайындалсын.
0
Kanat.tls
2018-09-24 16:48:59
Болбосо сенин түрүн суук, сенин сөзүң, сенин көзүн суу деп жумуштан айдай берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан