Башкы прокуратура 2017-жылкы бюджетти максатсыз колдонду деп канча кылмыш иши козголгонун айтты

"2017-жылкы бюджетти мыйзамсыз колдонуу боюнча канча кылмыш иши козголду?" деп сурады депутат Руслан Казакбаев башкы прокурордун орун басарынан парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында.

Казакбаев: "Канча кылмыш иши козголуп, анын натыйжасында президенттин демилгеси менен ачылган атайын эсепке канча каражат которулду?"

Башкы прокурордун орун басары аталган орган тарабынан ачылган эсепке 110 миллион сом которулганын айтып, бюджетке байланыштуу канча акча түшкөнүн бөлүп айтып бере алган жок. “2017-жылы 5 кылмыш иши козголду. Алар 4 министрликке тийиштүү. Учурда Эсептөө палатасы берген маалыматтар боюнча тергөө жүрүп жатат", - деди ал.

2017-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту толук кароого убакыт жетпей калганына байланыштуу маселелер кийинки жыйынга жылдырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан