Депутат Гүлкан Молдобекова ага карата каралоо жүрүп жатканын айтты. "Балдарды сатканым боюнча маалымат такталса керт башым менен жооп берүүгө даярмын" дейт ал

"Дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болгон баланын окуясын айтып чыкканым үчүн мага каралоо жүрүп жатат" дейт депутат Гүлкан Молдобекова парламенттик комитеттин жыйынында.

Ал "интернетте мени балдарды сатууда айыптап жатышат" деди.

“5-күнү түштөн кийин менин атымды балдарды, адам органдарын сатууга байланыштырып маалыматтарды таратышты. Бул жалган маалыматтар боюнча укук коргоо органдарына расмий кайрылам. Жалган маалымат тараткандарга чара көрүшүңөрдү суранып кетем. Мени каралап жатышат. Бала сатуунун башында турат деп мени жазып чыгышты. Бул маалыматты кайдан алынганын тактап, келерки комитетке маалыматтарды алып келсеңиздер. Ал маалымат такталса, керт башым менен жооп берүүгө даярмын”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Janibek_Mamytov
2018-09-24 21:36:30
Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт дейт....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан