Депутат "учакта мас абалында чуу чыгарды" деп кызматтан алынган Зууракан Каденова Түштүк Кореяга эмгек өргүүсү учурунда дипломаттык паспорт менен барганын айтты

"Зууракан Каденова премьер-министрдин уруксаты жок эмгек өргүүсүнө чыгыптыр" деди депутат Аида Касымалиева парламенттик комитеттин жыйынында.

Ал Каденова иштеп келген Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде жетекчилер тарабынан мындай мыйзам бузуулар көп катталганын кошумчалады.

“Аталган министрликтин башчысы жана анын орун басарлары чет өлкөдөгү семинарларга кызматкерлерин эмес өздөрүн жаздырат экен. Зууракан Каденова эмгек өргүүсү учурунда дипломаттык паспортту колдонуптур. Биз мындай паспортту кызмат учурунда гана колдонобуз. Премьер-министрдин уруксаты жок эмгек өргүүсүнө чыгыптыр", - деди Касымалиева.

22-сентябрда эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак эки саат кечигип учууга аргасыз болгонун каттам жүргүзгөн "Эйр Астана" компаниясынан SUPER.KG'ге кабарлашкан. Аталган маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилиги да тастыктаган.

Ушул эле күнү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аны ээлеген кызматынан бошотуу буйругуна кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tular
2018-09-24 15:03:26
Бут жетекчилик ушундай. Кызматкерлерге берилген квотага, жетекчилер оздору барышат...
+11
bekmirzach
2018-09-25 12:05:55
Илгери атамбаевда мас абалында элдин астына чыгып ар кайсыны келжиреп андан кийин тамагыма уу кошуп койду деп актанган. Зуураканда ошол шылтоону айтып жатат. Жөн жерден болгон окшоштук эмес.
0
Erik2018
2018-09-24 15:07:34
Мамлекеттик кызматта иштеп ушундай кадамга кантип барышат. Мындайларга тезинен чара көрбөсө болбойт.
+10
PROS
2018-09-24 15:44:58
Мындайларды кызматтан бошотуу эмес, эркинен ажыратыш керек "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен!!!
+8
milan-707
2018-09-24 19:13:19
PROS,созун беш кетим +100
+1
erkeleim
2018-09-24 19:19:59
Президентик аппараттан жарыялабагыла деген окум чыккан экен. Жээни десе таззале чычалап атышкан эми аны мас абалын айтып чыккан депутат айымга кысым болбосо болду
+3
talaa11
2018-09-24 23:57:19
Просто бизде тартиптин жоктугунан ушундай абалг келдик,Бир жыл мурун Кареанын Бир генералы Москвада жыйын учурунда бир аз гоз ирмеп кеткен экен ошол генералы барганда "атылып кетткен"жыйында Бир ааз коз ирмеп жибергени учун
+2
Дарыгер
2018-09-25 10:53:51
Кылычбек Султан чон иштердин бетин ачканы калды. Унун президент угуп койсо экен. А то кызым болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан