Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак эки саат кечигип учууга аргасыз болгонун каттам жүргүзгөн "Эйр Астана" компаниясынан кабарлашкан. Министрдин орун басары эл аралык аба каттамда учактагы чыры үчүн кызматтан алынды.
SUPER.KG порталынын "Өлкөнүн аброюн түшүргөн аткаминерлерди жумуштан кетирүү менен эле жазалоо жетиштүүбү?" деген соболуна медиа-эксперт Авланбек Жумабаев өз пикирин билдирди.
Жумабаевдин айтымында, маселенин төркүнү деңгээли төмөн адамдардын мамлекеттик кызматка келип жатканында.
"Бул маселеге терең карашыбыз керек, маселенин учугу ушуга окшогон кызматкерлердин мамлекеттик кызматка келип жатышында. Мурун мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө мыйзамда кызматкерлер эки категорияга бөлүнгөн, мамлекеттик жана саясий кызмат. Кийин көп кызматты саясий кызмат кылып өзгөртүп коюшкан. Саясий кызмат болгондо аларды тандоосуз, кесипкөйлүгүнө карабай эле кызматтан ала берсе болот. Тууган-урук, жакындарын кызматка алуу үчүн булар мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамды ушинтип түп тамырынан өзгөртүп, өздөрүнө ылайыктап алышкан.
Биз азыр аны жазалайбыз деп эле кыйкыра бергенде болбойт, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте кадам жасашыбыз керек. Бирок муну жөн калтырбастан мыйзам жол бербесе дагы коом тарабынан буга реакция жасашыбыз керек. Учурда мамлекеттик кызматтын деңгээлин полдун плинтусуна чейин түшүрүп жиберишти. Азыр билбейм, булар дагы кандай адамдарды мамлекеттик кызматка алат", - деди Жумабаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Данияр Төлөнов, Алмазбек Токторов, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, саясатчы Адахан Мадумаровдун пикири төмөнкү шилтемеде.