Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак эки саат кечигип учууга аргасыз болгонун каттам жүргүзгөн "Эйр Астана" компаниясынан кабарлашкан. Министрдин орун басары эл аралык аба каттамда учактагы чыры үчүн кызматтан алынды.
SUPER.KG порталынын "Өлкөнүн аброюн түшүргөн аткаминерлерди жумуштан кетирүү менен эле жазалоо жетиштүүбү?" деген соболуна саясатчы Адахан Мадумаров жооп берди.
Ал бийлик жетекчилеринин учакта мас болуп ызы-чуу салышын, эч кандай жоопкерчиликти сезбегендиги катары баалады.
“Бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматкерлерде кайсы бир туура эмес кылыгы үчүн өлкөнүн аброюна, өзүмдүн аброюма шек келтирип алам деген түшүнүк таптакыр жок. Азыр бардык аткаминерлер “Бир күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго чап” деген түшүнүк менен жашап жатышат. Илгери райондун акимиби, облус жетекчисиби же министр болобу бир аз эле туура эмес сүйлөп койсо бүтүндөй өлкө ызылдай түшчү. Ал эми элге уят болгон адам көчөгө чыга албай калчу. Тилекке каршы, азыр канчалык тескери кыймыл-аракет жасаса коомчулук аны кыйын экен деп калды. Башкача айтканда, жапайы коомчулук, жапайы бийлик системи түзүлдү.
Ал эмес, учакта мас болуп дүйнөгө маскарасы чыккан инсаныбыз бүгүнкү күнгө чейин өкмөттүн мүчөсү болуп иштеп жатат. Жазаланбай, боло берет тура дегендин кесепети ушундай окуялардын кайра кайталанышына себепчи болуп жатат. Тескерисинче, мындай адамдар кыйын болуп чыгышууда. Депутаттар чет өлкөгө барып мас болуп алышып, ар кандай кылыктарды жасап жатышат. Бул деген жапайычылык, эч кандай жоопкерчиликти сезбегендик. Учурда бардык нерсенин баркы кетти.
Мурда өлкөнүн жарандары бардык район акимдерин, мамлекеттик кызматкерлерди жатка билип, таанышар эле. Азыр болсо акимдерди жалпы эл эмес, ошол райондун жергиликтүү тургундары да тааныбайт. Бул деген мамлекеттик кызматтын бедели аябагандай түшүп кеткендигин билдирет. Буга мамлекеттик жетекчилердин баскан-турганы, сүйлөгөн сөздөрү, басып өткөн жолдору себепчи болууда. Аларды мыйзам менен жазалай албайсың, өзүнүн абийир соту менен жазалоо керек. Ар бир инсандын абийир соту болушу керек. Бирок ага соттолуш үчүн ал адамдын ички жан дүйнөсү, маданияты бийик болуусу шарт”, - деди Мадумаров.
Жогорку Кеңештин депутатттары Рыскелди Момбеков, Данияр Төлөнов, Алмазбек Токторов, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, медиа-эксперт Авланбек Жумабаевдин пикири бул шилтемеде.