Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: "Учакта чуу салган чиновник айымдын башка кызматка дайындалышы күмөн"

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак эки саат кечигип учууга аргасыз болгонун каттам жүргүзгөн "Эйр Астана" компаниясынан кабарлашкан. Министрдин орун басары эл аралык аба каттамда учактагы чыры үчүн кызматтан алынды.

SUPER.KG порталынын "Өлкөнүн аброюн түшүргөн аткаминерлерди жумуштан кетирүү менен эле жазалоо жетиштүүбү?" деген соболуна вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жооп берди.

Ал социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденованы жумуштан алуу мыйзамга ылайык болгонун айтты.

"Мындан тышкары коомчулук тарабынан нааразычылык болду, коомдук уяткаруу механизми иштеди. Бул кишиге өтө жакшы сабак болду. Канча жыл иштеп бир күндө аброюна шек келтирген окуя орун алды. Муну жетиштүү деп ойлойм. Эми кайсы бир мамлекеттик кызматка дайындалгандан мурун жетекчилер ошол окуяны эстешет, ошондуктан анын жаңы кызматка барышы күмөн", - деди Өмүрбекова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Алмазбек Токторов, Данияр Төлөнов, саясатчы Адахан Мадумаров, медиа-эксперт Авланбек Жумабаевдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан