Сузакта тойго кеткен боюнча 15 күндөн бери дайынсыз болгон 21 жаштагы келин изделүүдө

Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Багыш айылынын 1997-жылы туулган Шахсанам Халматова аттуу тургуну изделүүдө. Бул тууралуу Сузак районунун ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө изделип жаткан Халматованын күйөөсү кайрылган. Анткени Халматова 2018-жылы 8-сентябрда саат 10:00 чамасында кошунасынын үйүнө тойго кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Шахсанам Халматованын кийген кийимдери: Башында атлас кездемеден жоолук, атлас көйнөк жана атлас шым. Бутунда ак түстөгү жайкы бут кийим. Бою болжол менен 160-165 сантиметр, чачы кара, узундугу белине чейин жетет.

Шахсанам Калматованын жакындары анын кайда экенин көрүп же билгендер болсо же ал тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсо 0(3748) 5-09-02, 077887-11-11, 0774 60-60-02 телефон номерлерине байланышып коюуңуздарды суранышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bond02
2018-09-24 19:34:35
Озбекстанга кетип калбадыбы тойлоп.
+10
TalaCSKA
2018-09-24 20:55:02
Тойго кеттим деп качып кетсе керек Россия тарапка
+6
Aidar.001
2018-09-24 21:51:01
Мен коргон жокмун
+6
titanik32
2018-09-24 22:55:05
Той тойлоп бий бийлеп жүрөт да,той сезон бүтсө келет кышка жакын.
-1
Dilbaranurdinova
2018-09-25 01:43:48
Табылып калсын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан