"Эйр Астана" компаниясы Зууракан Каденованын учактагы окуясын иликтеп жатканын 24-сентябрда Казакстандагы "Tengrinews.kz" сайты жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, учак коштоочулар Зууракан Каденованы рейстен эмне себептен түшүрүп салганы түшүндүрүлгөн.
"Сеул-Алматы каттамындагы КС 910-рейстин борт коштоочулары учак абага көтөрүлөр алдында жүргүнчүлөрдү даярдап жаткан. Ал учурда бизнес-класста отурган жүргүнчү Зууракан Каденова берилген суроолорго жооп бере албай жатканын жана анын абалы учууга жол бербей турганын байкашкан. Учуу жана жүргүнчүнүн коопсуздугун сактоо максатында Каденованы учактан түшүрүп салуу чечими кабыл алынган", - деп билдиришкен компаниядан.
Компаниянын билдиргенине караганда, Каденова учактан өз алдынча түшүп кетүүдөн баш тарткандыктан учактын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн баары түшүрүлүп, кайра текшерүүдөн өтүшкөн. "Окуянын жыйынтыгында рейс 1 саат 47 мүнөт кармалган. Зууракан Каденова кийинки күнү КС 960-рейс менен учкан. Азыркы учурда авиакомпания окуянын деталдарын аныктоо үчүн ички иликтөө жүргүзүп жатат", - деп билдиришкен.
Ал эми SUPER.KG порталы аталган жагдай боюнча "Эйр Астана" компаниясына кайрылганда, Зууракан Каденова учактан түшүрүлгөн учурда мас абалында болгонун маалымдашкан.
"Жүргүнчү чынында учактан түшүрүлгөн учурда мас абалында болгон. Эгерде жүргүнчүнүн жүрүм-туруму учууга кооптуу деп эсептелинсе, учактын экипажы аталган жүргүнчүнү каттамдан түшүрүү чечимин кабыл алат", - деп айтылган компания тарабынан берилген маалыматта.
22-сентябрда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак эки сааттай кечигип учууга аргасыз болгон. Аталган маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилиги да тастыктаган. Ушул эле күнү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аны ээлеген кызматынан бошотуу буйругуна кол койгон.
Бирок бүгүн Зууракан Каденова SUPER.KG'ге ошол учурда мас абалда болгону боюнча таратылган маалыматтар калп экенин айтты.