Транспорт жана жолдор министрлиги айдоочуларга унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу керектигин эскертет

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Унаа жолдор мамлекеттик дирекциясы Бишкек-Ош унаа жолуна каттаган айдоочуларга машинанын дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштыруу керектигин эскертти.

Министрликтен маалымдашкандай, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Төө -Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында жолдор тайгак боло баштаган.

"23-сентябрдан 24-сентябрга караган түнү Бишкек-Ош унаа жолунун 122-123-чакырымындагы жолдор тайгалак боло баштаганы байкалган. Мындан улам айдоочулар жолго чыгар алдында өздөрү менен кошо чынжыр жана дөңгөлөк ала жүрүүсү зарыл", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан