SUPER TV: Күзгү мода-2018. Мыкты дизайнерлер жаштардын табитин сындашат

SUPER TV быйыл күздө кыздар жана жигиттер үчүн кандай кийимдер, бут кийимдер, түстөр модада болоруна кызыгып көрдү. Адам мода куубастан, жарашыктуу жана ыңгайлуу кийинсе, мына ошол - мода деп коюшат. Учурда белгилүү бир стилди тандап кийинүү анчейин актуалдуу эмес болуп калды. Башкача айтканда, классикалык шымдар, юбкалар жана көйнөктөр менен спорттук бут кийим кийүү, пиджак менен жынсы кийүү адаттагыдай эле көрүнүш болуп калды.

Мода тууралуу бул чыгарылышта бир нече кыздар жана жигиттер дүкөнгө кирип 10 мүнөттүн ичинде өздөрүнө образ тандашат. Алардын кийинүү стилине дизайнерлер Замира Молдошева жана Арзубек Вонама пикирлерин айтат. Кийим тандоо үчүн бизге модель катары жардамга ырчы Айар, фотограф, модель, визажист, студент сыяктуу ар тармактын өкүлдөрү жардамга келди. Анда кимдин табити мыкты деген баага татыганын төмөнкү видеодон көрүңүз.

Күзгү мода-2018. Мыкты дизайнерлер жаштардын табитин сындашат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан