Бишкектеги Калыйнур Үсөнбаев атындагы аскердик окуу жайдын экинчи курсунун курсанты каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, курсант бүгүн, 25-сентябрда эртең менен саат 7:00 чамасында каза болгон.
"Курсант эртең менен каза болгону тууралуу маалымат келип түштү. Ал жыгылып калганда жанындагылар аны дарыгерге алып барышкан. Курсант "Тез жардам" кызматы келгиче эсин жоготуп, каза болуп калган. Учурда эмнеден улам каза болгону такталып жатат", - деди маалымат катчы.