"Иса Шейшенкулович - (Иса Өмүркулов - ред.) сезимтал адам" деди депутат Айнуру Алтыбаева 25-сентябрдагы парламенттик комитеттин жыйынында. Учурда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети депутаттарды бир нече кызматтарга сунуштоону талкуулап жатышат.
Ал көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркуловдун аялдарга сыйы жогору экенин баса белгиледи.
"Биз талапкерлерди сунуштап жаткан кеңешке аял депутаттарды да сунушташыбыз керек. Жогорку Кеңеш эң алгач өзүбүз гендердик теңдикти сактап берели. Талапкер сунуштаган коалициянын лидери катары Иса Өмүркулов аялдарды аябай жакшы сыйлайт. Мен аны билем. Ушул сунушумду да эске алсаңыздар", - деди Алтыбаева.
Өмүркулов болсо талапкер жайкы эс алууга чейин эле тандалып бүткөнүн айтып, кийинки сунуштоолордо аталган демилгени эске ала турганын кошумчалады. "Албетте, аялдарды сыйлайбыз. Аялсыз жашоо жок", - деди Өмүркулов.
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешке коалациялык көпчүлүктөн депутат Искендер Матраимов, ал эми оппозициялык фракциядан депутат Зиядин Жамалдинов сунушталды.