"Каржы министрлиги, өмүр бою жалганды айтып келесиңер". Депутат Алтынбек Сулайманов өлкөнүн экономикасы артка кетти деп каржы министрин сынга алды

"2017-жылдын бюджети аткарылган жок деп эсептейм". Мындай пикирин депутат Бакыт Төрөбаев бюджеттин аткарылышы боюнча отчётту угуп жатып айтты. Ал бюджетти аткаруу боюнча жеткиликтүү аракеттер көрүлбөгөнүн кошумчалады.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, бюджеттин чыгаша бөлүгү 96 пайызга аткарылганын билдирди.

"2017-жылдын бюджети аткарылган жок деп эсептейм. Мен бул мыйзамга "макул" деп добуш бербейм. Силер 100 пайыз аткарышыңар керек эле” деди Төрөбаев.

Депутат Алтынбек Сулайманов каржы министри туура эмес маалыматтарды берип жатканын айтып, Кыргыз өлкөсүнүн экономикасы эл аралык рейтингде артка кеткенин кошумчалады. "Каржы министрлиги, өмүр бою жалганды айтып келесиңер. Бизди билбейт деп ойлойсузбу? Эл аралык уюмдар "Кыргыздын экономикасы начарлады" деп жазып жатышпайбы. Эл аралык рейтингде 5-6 тепкичке артка кетип жатабыз", - деди Сулайманов.

Касымалиев отчётто айтылган маалыматтар Улуттук статистика комитетинен алынганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан