Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин отурумунда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденованын окуясына байланыштуу маселе талкууланды.
Анда депутат Руслан Казакбаев Кыргыз өлкөсүнүн Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын маалымат жыйынында айткандары жүйөлүү деп, ал көтөргөн маселелерди иликтеп чыгуу керектигин айтты. “Мен кечээ муну интернеттен окудум. Элчи 8 маселе боюнча айтыптыр, арасында иликтене турган жүйөлүү маселелер да айтылыптыр. Ал Тышкы иштер министрлигиндеги мыйзамсыз иштер тууралуу анын пикирин эч ким укпаган соң айтып жатат. Ошондуктан мен анын айткандарын туура деп эсептейм”, - деди Казакбаев.
Ал эми депутат Акылбек Жамангулов буга байланыштуу өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып, төмөнкүнү айтты. “Кечээ, 25-августта Кореядагы элчибиз Кыргыз өлкөсүн башка нукка бура тургандай маалымат берип жатат. Мунун баары кесипкөй адамдарды алып келбегендиктен улам келип чыгууда. Кореядагы элчини билебиз да, ал журналист. Силерге баш ийе турган элчи силерге каршы маалымат берип жатат. Депутат Аида Касымалиева да министрдин үй-бүлөсү менен мамлекеттин акчасына чек өлкөлөргө чыгарын айтып өттү. Мунун баарын текшерүү керек”, - деди Жамангулов.
Депутаттар Тынчтык Шайназаров, Исхак Пирматов, Умбеталы Кыдыралиев элчи этиканы сактаган жок деген пикирин билдирип, анын кызматтык ишмердүүлүгүн текшерүүгө алуу керектигин сунушташты.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул маселе өкмөттө каралып жатканын айтты. "Мындан ары дипломаттык паспорттор маселеси иликтенет. Тиешелүү чаралар көрүлөт. Кечээ өкмөттө элчи Кылычбек Султанды кызматтан алуу керек деген сүйлөшүү жүрдү", - деди Өмүрбекова.
Депутат Жамангулов элчини берененин негизинде кызматтан алуу керек деген пикирин айтты. “Сиздер кайсы берене менен аны жумуштан аласыздар? Эгер жөн эле кызматтан алып койсоңуздар, анда ал башка кызматтарга барууга жол ачылат. Ошон үчүн кайсы бир берененин негизинде кызматтан алуу маселесин кароо керек”, - деди Жамангулов.
Эске салсак, кечээ элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигинде болуп жаткан кемчиликтерди атап берген. "Элчиликтерде акча талап кылган учурлар; чет өлкөдөн кымбат баалуу унааларды аткезчилик аркылуу жеткирүү фактылары; чет өлкөдө дипломаттык номерлерди пайдалануу фактылары; дипломаттык кызматка тиешеси жок адамдарга дипломаттык паспорт берүү фактылары. Мунун баарын мисалдар менен президентке маалымдайын десем тоскоолдуктар болууда. Мындан улам "төртүнчү бийлик" делген жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалыматты жеткирүүнү чечтим", - деген элчи.