"Биздин ЕАЭБдеги өкүлдөрүбүз оозун ачып отурат" деди депутат Таабалды Тиллаев парламенттик комитеттин жыйынында.
Ал аталган өкүлдөрүбүз ишеничти актабай жатканын кошумчалады.
"Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБде 2 өкүлү бар. Алар эмне кылып жатат? Казакстан бизге бааларды теңдөө боюнча сунуш коюп жатыптыр. Армения аталган биримдикке жакшы шарттар менен кириптир. "Кумтөрдөгү" 3 өкүлдү жана ЕАЭБдеги 2 өкүлдү чакырып, эмне кылып жатканы боюнча отчёт алышыбыз керек", - деди эл өкүлү.
Жыйынтыгында Тиллаевдин сунушу кабыл алынды.
Маалыматка караганда, "Кумтөр" кенинен өлкө бюджетине түшкөн каражаттын көлөмү азайган. Муну өндүрүштүн кыскарганы менен байланыштырышууда.
Учурда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 2017-жылдын бюджетинин аткарылышын талкуулоодо.