Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жусупбек Шариповдун Молдова Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматына дайындоо боюнча Тышкы иштер министрлигинин сунушун бир добуштан колдоп берди.
ТИМдин өкүлү Молдова өлкөсүндө кыргыз элчилигин ачуу зарылдыгы катары эки өлкөнүн мамилелеринин өнүгүшү менен байланыштырды.
Айта кетсек, Жусупбек Шарипов - Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси. Анын резиденциясы мындан ары мурдагыдай эле Киев шаарында жайгашып, ал бир учурда эки өлкөдө элчилик кызматты аркалай бермекчи.