Бүгүн, 25-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Тышкы иштер министрлиги Түштүк Корея Республикасындагы Кыргыз элчиси Кылычбек Султанды ээлеген кызматынан бошотуу үчүн президент Сооронбай Жээнбековго сунуш даярдалып жатканын билдирди. Министрлик элчи мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежесин, дипломаттык этика нормаларын бузду дейт.
Кечээ, 24-сентябрда, элчи Кылычбек Султан Бишкекте пресс-жыйын өткөргөн. Анда ТИМ системиндеги коррупциялык иштерди айтып буга чейин министрликке, УКМКга кайрылганын, бирок жыйынтык чыкпаганын, ал иштерге аралашкан кызматкерлер министрликте кызматтарда иштерин улантып жатышканын айтып чыккан. Элчи коррупциялык мындай көрүнүштөрдү президентке түз жеткирүүгө аракет кылганын, бирок Жээнбековдун жан-жөкөрлөрү буга мүмкүнчүлүк бербегенин айтат. Ошондой эле Кылычбек Султан эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденованын Сеулда учакта чуу салганын "ачыкка чыгарбагыла" деп президенттик аппараттан тапшырма түшкөнүн, бирок аны аткаруудан баш тартканын ачыктады.
Элчини “андай окуяны элге жарыялабаш керек эле” деп сындагандар, тескерисинче, “чиновниктердин мындай өнөрлөрүн жаап-жашырып жүрүп ушул деңгээлге жеттик, башка өлкөлөргө уят болдук, коомчулукка жарыялап туура кылышты, бул окуя өлкөдө кадр саясаты кайсы чекке жеткенин көрсөттү” деп колдогондор да болду. Мындан улам ТИМдин элчини кызматтан алууга сунуш берүүсү сынга алынды. Таразада эки нерсе турат: Коррупциялык былыктарды жарыялоо жана кызматтык этика. Жарандар өлкөнүн өнүгүшүнө тушоо болуп жаткан коррупциялык иштерди көрүп турушса, эреже-талаптарга ылайык кайрылууларынан жыйынтык чыкпаса, анда кызматтык этика деп андай былыктарды жарыялабаш керекпи? Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн эмне маанилүү? Кызматтык этикабы же коррупциялык иштердин жоюлушубу?
Дипломатия тармагындагы коррупцияны, Кыргыз чиновниктеринин мамлекеттик миссия берген мүмкүнчүлүктөрдү жеке кызыкчылыгына пайдаланып чет жерде мыйзамсыз иштерди жасап, өлкөнүн аброюна доо кетирип жаткандарын айтып чыкканы үчүн элчи кызматтан алынабы же президент Жээнбековдун "коррупционерлердин атын ачык айткыла, сөзсүз реакция болот" деген сөзү, аракети маанилүү болуп чыгабы? Кеп кезеги өлкө башчысында...
Парламент депутаты Аида Касымалиева дагы бир чиновниктин шектүү иш сапары тууралуу айтып чыкты. “Экономика министринин Айнура Жакыпова аттуу кеӊешчиси Түштүк Кореяга 10 күндүк семинарга деп кетип, бирок ага катышпай өзүнө пластикалык операция жасатып келиптир”, - дейт депутат. Кечээ Касымалиева эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова жана анын орун басарлары мамлекеттин эсебинен үй-бүлө мүчөлөрү менен кошо ар кандай өлкөлөргө чыгып жүрүшөрү тууралуу маалыматы бар экенин айтып, тийиштүү органдарга бул иштерди текшерүүнү тапшырган.
Депутат Касымалиева: "Министр Исакунова 2017-жылы февралда Сауд Арабияга күйөөсү жана анын туугандары менен барган. 2017-жылы июнда Швейцарияга күйөөсү жана баласы менен барып, бирок ал жердеги иш-чарага катышкан эмес. 2017-жылы ноябрда АКШга күйөөсү жана эки баласы менен барган. Ал жерден кайра Аргентинага учкан. Бул сапарлардын баарына премьер уруксат берген эмес, бирок Исакунова эмгек өргүүсүн алуу аркылуу жолун таап, бюджеттин эсебинен барып жүргөн. Ошондой эле Исакунованын орун басары (ред. Лунара Мамытова) дипломатиялык паспортун жеке максатта колдонуп жүрөт деген маалымат түшкөн. Министр жана анын орун басарлары адистерди окутуп, тажрыйбасын өстүрүү үчүн келген чакырууларды өздөрүнө алып алышат. Мындай шартта адистерди кантип өстүрөбүз?” - деп билдирип, тийиштүү органдарга муну тактап, териштирүүнү тапшырган. Бүгүн аталган министрлик Касымалиеванын билдирүүсүнө жооп кайтарып, Лунара Мамытова 2017-жылы Италияга эл аралык уюмдун сессиясына катышууга, быйыл май айында АКШга окууга барганын ырастады. Ал эми Хайнанга Мамытова эмгек өргүүсү учурунда барган, анда дипломаттык паспортун колдонгон эмес дейт министрлик. Ал эми министр Исакунованын сапарлары тууралуу комментарий берилген жок. Бул министрликтин жетекчисинин дагы бир орун басары Зууракан Каденова 22-сентябрда Түштүк Кореяда аэропортто чуу салып, ал үчүн кызматтан айдалды. Кыргыз чиновниктеринин чет жердеги сапарлары тууралуу көп сөз айтылып жүрөт. Соӊку окуялардан улам экс-депутат Равшан Жээнбеков өзүнүн интернет баракчасына 2014-жылы депутаттардан, президенттик аппараттын өкүлдөрүнөн турган жоон топ делегациянын Японияга жасаган сапарын эскерип жазды. Айтымында, Япония тарап өзү каржылап, шайлоо системи боюнча окууга чакырган. Делегациядагы 3-4 депутат 10 күндүк семинарга дээрлик катышпай эс алып жүрүп, аягында сый тамакка барганын, ал жерде кызып алып “өнөр” көрсөтүшкөнүн, кетерде мейманкана менен маселе жаратышып, салынган айып пулду төлөбөй коюшканын, арга кеткенде айып пулду чакырган Япония тарап өз чөнтөгүнөн төлөп узатканын жазып чыкты. “Алар азыр деле бийликтин сүймөнчүк депутаттары”, - дейт Жээнбеков. Өлкөнү минтип уят кылган депутаттардын аты ошол маалда ачык жарыяланып, алар коомдук сындын, жектөөнүн даамын татышса, балким, бүгүн Каденова өңдүү чиновниктер мындай чуулгандуу окуяларды жаратышмак эмес.
Бүгүн Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде текшерүү жүрдү, анда министрликтин жетекчилери диппаспортторду жеке максатта колдонушканы аныкталды деп жарыялады. Текшерүү уланып жатат, жыйынтыгында министрликтин жетекчилерине укуктук баа берилет дешет прокуратурадан. Чиновниктердин кызматтык статусун жеке максатта колдонуп, иш сапар деген атка жамынып алып салык төлөөчүлөрдүн акчасына жер кыдырып саякаттап жүргөнү аныкталса, анда коом алардын татыктуу жаза алышын күтөт. Коомчулукта андайларды кызматтан алуу менен чектелбей, экинчи мамлекеттик кызматка кайтып келгис кылуу керек деген пикир үстөмдүк кылууда...