24-сентябрь күнү Лондон шаарында ФИФАнын жылдын мыктыларын сыйлоо аземи болуп өттү.
Кыргыз футбол федерациясынын маалыматына ылайык, добуш берүүгө улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана капитан Азамат Байматов катышты.
Александр Крестинин мыкты оюнчу деп 1-орунга Кевин де Брюйнени койсо, 2-орунга Лука Модричти, үчүнчүгө Эден Азарды койгон. Ал эми Азамат Байматов Криштиану Роналдуну биринчи, Лука Модричти экинчи, Лионель Мессини үчүнчү орунга ылайыктуу деп эсептейт.
Мыкты машыктыруучуну тандоодо Байматовдун үчтүгүнө Хосеп Гвардиола, Зинедин Зидан жана Дидьё Дешам кирсе, Крестинин да 1-орунга Гвардиола, 2-орунга Зиданды коюп, ал эми 3-орунга Станислав Черчесовду татыктуу көргөн.
Белгилей кетсек, мыктыларды тандоодо ФИФАга мүчө болгон курама командалардын башкы машыктыруучулары жана капитандары катышкан. Алар 1-орунга койгон талапкер 5, 2-орунга 3, 3-орунга койгон талапкер 1 добушка ээ болот.