УКМК жарандардын сүйлөшүүсүн мыйзамсыз тыңшоого алгандар боюнча кылмыш ишин козгой албайт. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары депутаттарга маалымат берип жатып айтты.
Маалыматка караганда, жабырлануучулар атайын арыз менен сотко кайрылгандан кийин гана алар бул факты боюнча кылмыш ишин козгой алат.
"Исаев, Карыбеков жана депутат Каныбек Иманалиевдин кафедеги сүйлөшүүсүн жаздырып алууга аракет кылган факты боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Маалыматка караганда, официанттан бейтааныш адам столдун астына диктофон орнотууну суранган. Бирок аягында аппаратта үн жазуулар жок экендиги аныкталган. Укук коргоочулар Ошурахунова, Карасартованын 7-сентябрдагы кафедеги куран окутуу иш-чарасынан диктофон табылган. Бирок бул факты боюнча да кылмыш иши козголгон жок. Жабырлануучунун арызынын негизинде сот органдары гана кылмыш ишин козгой алат", - деди УКМКнын өкүлү.
Депутат Исхак Масалиев: “5 факттын төртөөсүнө иш козголгон эмес. Мейли, үн жазылбай калган дейли, бирок аракет үчүн да жаза бар да. Официантка берип жармаштырып кой деп айтыптыр. Бул аракет да”, - деди.