Бишкектеги аскердик окуу жайда каза болгон курсанттын өлүмүнүн себеби дале белгисиз

Бишкек шаарындагы Калыйнур Үсөнбаев атындагы аскердик институтта каза болгон курсант боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев билдирди.

Төраганын айтымында, каза болгон курсант жакшы окуган жана активдүү курсанттардын бири болгон.

"Каза болгон 19 жаштагы Илимбек Сейитбеков Нарын облусунан келип окуп жаткан. Аны 25-сентябрда эртең мененки саат 7:00 чамасында окуу корпусунун артындагы өрт коопсуздугу үчүн керектелген тепкичтин алдынан жаткан абалда өзүнүн курсташтары таап, дароо "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Бирок курсант эсине келбей каза болгон", -деди ал.

Төрага Тердикбаевдин айтымында, курсант эмнеден улам каза болгону белгисиз.

"Маркумдун жакындарына кабар угузулду. Учурда медициналык экспертиза дайындалган. Ал үй-бүлөдө төрт бир тууган. Бул окуя боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан