"Медиа порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө дин аалымы Чубак Жалиловдун жергиликтүү телеканалдардын биринде кызуу талкуу жараткан Зеренин ыры тууралуу өз оюн билдирген видеосу жүктөлдү.
Анда Чубак Жалилов ырчынын аталган ыры менен клибине карата кандайдыр бир сын айтуудан алыс экенин билдирген. Ошондой эле бул ыр белгилүү ырчылардын ырындай маданияттын өнүгүшүнө салым кошпосо да, өлкөдөгү азыркы абалды чагылдырып турганын айткан.
Ал эми Зеренин кийген кийими боюнча "ич кийиминин сыртынан костюм кийип ырдаптыр, костюму жоктор деле жүрбөйбү", - деген оюн билдирген.