СУПЕРСТАН: "Жигиттер кашын терип, бет май сүйкөй баштады... Мен жигитим менен күзгү, помада талашкым келбейт..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жигиттерди сулуу эмес деп чангандан мурда..." деген тема талкууга алынган.

Автор: "Кыздардын талаптарын карасаң жигиттерди тоготпой койкоңдошот. Өздөрү болсо "5 килограмм" боёктору менен жүргөнүн эске албайт окшойт. Косметика баканы да ханышага айлантуусу мүмкүн экендигин билсеңер керек. Ошого жигиттерди тандоодо алардын боёнбогондугун эске алууну унутпагыла" деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Балдарга сулуулуктун кереги деле жок го".

- "Жакшынакай жигитке макияж сүртүп, аялзатына теңеп койгондой эле ой кылт этти. Жигитке мындай сулуу болуштун деле кереги жок, эң негизгиси сөзүнө турган, аз жана саз сүйлөгөн, бир мүнөздүү болуш керек".

- "Азыркы учурда көп эле жигиттер кыздардан кем калышпай кашын терип, бет май сүйкөп, бетине упа коюп, башын күндө жууп, чачтарын дагы сонун караган балдар күн санап өсүүдө. Корейлердин сериалдары чыккандан кийин оозум ачылган. Айылдагы борчиктер чачын өстүрүп, чыпташкан спорттук шым кийип алса, бир ирээнжигенимди айткыла. Жигиттер үчүн сулуулук - бул өзүн таза, тыкан алып жүрүү, чачын убагында кырктырып, спорт менен машыгып, тишин тазараак жууп алса, ошол сулуулук. Оозун түссүз помада менен боёп сулуулангандар жанагы "кыздарга окшош сулуу балдар". Мен жигитим менен күзгү, помада талашкым келбейт".

- "Бир курбум "Мага социалдык тармактардан жалаң эле жөнөкөй, сулуу эмес жигиттер жаза берет. Мага бою узун, сымбаттуулар жагат" дегенинен, "ал байкуштар бизчилеп тоналдык кремди чаптап, кашын жулуп, үстүнөн боёп, төрт кирпигине көзү көтөрө албай калгычакты кошумча кирпик улап, кодойгон бойлорун бийик така менен жашыра албаса эмне кылсын? Сен боёксуз, фотошоп жасалбаган сүрөтүңдү коюп көрчү профилиңе, ошол сен теңине албай жаткандар да жазар бекен" деп күлдүм эле. Чындыгында эркек кишиге сулуулуктун кереги жок. Жигит деген атка татыктуу болсо болду".

- "Эркекке сулуулуктун кереги жок, маймылдан бир аз сулуу болсо жетет деп коюп деле кайра андай жигиттерди тоготпойсуңар. Сымбаттуу же Лексус автоунаасы болсо болду, суктанып отура бересиңер"

- "Менин оюмча, "эркек кишинин сулуу болушу шарт эмес, алардын эркек болушу шарт".

- "Сонун тема экен, бир жылмайып алдым. Эң жакшы косметика - бул суу дешет эмеспи. Бети-башыбызды тазартып турган суу болбосо анда бири-бирибизди карабай деле калмак болушубуз керек. Анан мырзалар силер деген кыздар жалаң сулууларды карайт деп капаланбай эле койгула. Кичине жылдар өткөндөн кийин сулуулук менен бардык маселе чечилип калбасын түшүнө баштайт экенбиз.. Акыл-эс кире баштайт дегендей..."

- "Эң башкысы жан дүйнөнүн сулуулугун көрө, сезе билүү керек. Сырткы сулуулук убактылуу, эртең эле 50 жаштан өткөндө калат. Эң негизгиси күйөөңө же аялыңа сулуу болсоң жетиштүү".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан