"Кайсы аймактан министр же активдүү депутат бар болсо ошол жердеги социалдык объекттерди курууга каражат бөлүнүүдө", - деп бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Абдыкапар Султанов билдирди.
Анын айтымында, башка аймактарда башталган курулуштар аягына чыкпай турат.
"Айрым курулуш иштери аягына чыкпай, аларды бүтүрүү үчүн акча бөлүнбөй, жаңы иштер башталууда. Мындай жагдайлар мени таң калтырып жатат”, - деди депутат Султанов.
Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков эл өкүлүнүн суроолоруна төмөндөгүчө жооп берди.
“Бюджет депутаттар тарабынан бекитилген соң бир айдын ичинде капиталдык салымдар боюнча тизмени өкмөт бекитет. Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген авариялык кесепеттерден улам кыйраган мекемелер, депутаттардын демилгеси менен курула турган жана президент барган аймактардагы мектеби жок айылдардын тизмеси киргизилет”, - деди Кармышаков.