ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Балдарымды жаныма, Орусияга алып кетейин десем берилүүчү документтерге акча сурап жатышат"

"Мен балдарымды Орусияга, өзүмдүн жаныма алып кетейин десем ага документ берген мекемелер акча сурап жатат", - деп Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жашаган Кыргыз жараны Керим Дүйшөбаев SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, 2 кызын Кыргыз жеринен алып кетүү үчүн көптөгөн убара тартууда.

"Келинчегим экөөбүз кыздарыбызды быйыл жаныбызга, Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга алып кетели дегенбиз. Экөөбүз Жарандык абалдын актыларын каттоодон күбөлүк алган эмеспиз. Эми балдарыбызды Кыргыз өлкөсүнөн алып кетүүгө документ даярдайлы десек, бир топ түйшүктөр жаралды.

Келинчегимдин каттоосу Ноокат районунда болгондуктан, аймактагы Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматына, Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмүнө кайрылды. Ал эми кийин Сокулук районуна көчүп келгендигибизге байланыштуу аталган райондогу ушул кызматтарга да кайрылдык. Бирок баланы чет өлкөгө алып кетүү үчүн жарандуулук тууралуу кыстарма кагазды алууга акча сурап жатышат. Маселен 2 балага берилүүчү мындай документ 3,5 миң сомдон 5 миң сомго чейин бүтөт экен. Бул жерде бир маселени шылтоо кылышат - тез аранын ичинде бүтүрүп берүү же 3 ай аралыгында бүтүрүп берүү деген 2 жагдай бар. Жарандар тез аранын ичинде дегенди тандаса, анда акча алуу оңой.

Жеке эле мен эмес, мындай көйгөйгө миңдеген мигранттар туш болот. Мамлекет өзү жарандарын жумуш менен камсыз кыла албагандан кийин, бөтөн жерде иштегендердин акчасына да тийишпесе деген тилек. Макул, мен алар айткан сумманы берип балдардын документине уруксат кагазды алам, кийин ушул эле документти башка мигранттын алууга чамасы жетпей калышы мүмкүн. Бул чоң көйгөйдү кайсы мекеме көзөмөлгө алып, маселени чече алат? Акча сураган мекеме кызматкерлери "өкмөттүн токтому бар, мына кагаз, келе акчаны" десе да бир жөн. Жөн гана өз чөнтөктөрүнө сурашат", - деди ал.

Ошондой эле Дүйшөбаев аталган шаарда 10 жылдан ашык убакыттан бери жашаарын, бирок Орусиянын жарандыгын албагандыгын кошумчалады.

"Мен Орусиянын жарандыгын алсам, өзүмдү Кыргыз элин "саткандай" сезем. Бул убакыт аралыгында Кыргыздын бул шаардагы өкүлчүлүгүндө орун алган айрым кемчиликтер менен күрөшүп жүрүп, маселелер чечилген. Бирок Кыргыз жериндеги мекемелердин акча сурап иштегени кейитет. Мекен үчүн деген патриот элге бийлик өкүлдөрү, өкмөт да ошондой мамиле жасаса жакшы болмок", - дейт мигрант.

Маалымат үчүн:

Жарандуулук тууралуу кыстарма кагаз - баланын ошол өлкөнүн 16 жашка чейинки жараны экендигин тастыктаган атайын документ.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Safiya91
2018-09-25 19:51:26
Вкладыш сурап жаткан болсонор 350сом турат 1 балага. Азыр вкладыш жок загран паспорт берилип жатат 650сом. Жакында эле алдык. Башка эч кандай акча сурашкан жок. Атана бар, энене бар да деген жок. Тологон акчага квитанция беришти.
0
Jasa
2018-09-25 20:03:31
Крда баары акча экен,гражданин кыргызстан деп бир бекер берген нерсеси жок,роддомдон корустонго чейин акчаааа
+3
GULZAT.83
2018-09-25 20:51:21
Вкладыш баланые суроту чапталган кагаз срочный керек болсо 3000сом сурашат экен 2саата жазып беребиз дешип оз башыман отту 4балама жалынып атып 1000сомдон 4000минге алдым казакстанга алып кетиш учун августа айында.Загран паспорта болот экее бир айда 650го дайын болот экен срочно болсо 3000сомкен.Вкладыш болсо бир айда 250сомго берет экен срочносу паспортойле акча экеен.Айтмакчы мен Озгондон алгам.
0
Ulik-real
2018-09-25 21:11:57
10кун мурун менда агамдын балдарын алып келдим эле документтеринин баары жайында болсо да акча бересин деп эки балага 6000мин бересин деп зорго 3000берип оттум ушул маселени чечиш керек Бир кундо канча бала келип кетет ошонун баары сол чонтокторуно тушот желмогуздардын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан