Кайра тергөөгө жөнөтүлгөн депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши сотко түшө элек. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул иш айрым такталбаган жагдайларды оңдоо талабы менен прокуратурага жөнөтүлгөн.
Ушул жылы 12-июнда Бишкек шаардык соту депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып, сот чечим чыгарган. Анда Шыкмаматовго 5 миллион сом айып салуу боюнча райондук соттун өкүмү жокко чыгарылып, тергөөдөгү айрым такталбаган жагдайларды оңдоо талабы менен иш кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.
"Алмамбет Шыкмаматов 2 жыл Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталууда. Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган. Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.