КҮНСЕРЕП: Адилеттик издей: Кылычбек Султан өзүн жана 2 чиновникти убактылуу кызматтан бошотууну өтүндү

Бүгүн, 28-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Корея Республикасындагы Кыргыз элчиси Кылычбек Султан президент Сооронбай Жээнбековго президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевди, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди жана өзүн убактылуу кызматтан четтетүү өтүнүчү менен кайрылды. Элчи өзү жарыялаган Тышкы иштер министрлигиндеги олуттуу кемчиликтер жана ТИМ жетекчисинин элчини кызматтан бошотуу сунушу боюнча Коопсуздук кеңеши иликтөө жүргүзүп бүткөнгө чейин жогоруда аты аталган адамдар кызматынан четтеп туруусу зарыл, болбосо кызматтык кызыкчылыктар кагылышы жаралып, адилеттүү иликтөө жүрүшү мүмкүн эмес дейт.

24-сентябрда Кылычбек Султан Бишкекте пресс-жыйын өткөргөн. Анда ТИМ тармагындагы коррупция деп табылышы мүмкүн болгон иштерди айтып буга чейин министрликтин өзүнө, УКМКга кайрылып, жыйынтык чыгара албаганын, андан соң президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиевге кайрылып, андан реакция болбогонун, президентке түз жеткирүү аракетине президенттин аппараты жол бербегенин, аягында ММКлар аркылуу өлкө башчысына жеткирүү жолу гана калганын айткан.

Элчи санап өткөн маселелер олуттуу эле. Ал дипмиссияга тиешеси жок адамга дипломатиялык паспорт берүү, Малайзияга сырттан башка эле жаран үчүн Кыргыз элчилигинин атынан машина алып келүү, ага дипломатиялык номер берүү, элчиликтин ижара акысын жасалма кымбаттатуу жана башка иштерди санаган.

Бул окуядан 2 күн өткөндөн кийин ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев президентке "мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежесин, дипломатиялык этика нормаларын бузду" деп элчини кызматтан алууну сунуштаганы жарыяланды.

Мындан улам коомчулукта коррупциялык көрүнүштөрдү ачык айтып чыккан адам кызматтан алынып, куугунтукталышы керекпи деген суроо жаралган.

27-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков элчинин жана ТИМдин билдирүүлөрү боюнча иликтөө жүргүзүүнү Коопсуздук кеӊешине тапшырды. Кыргыз Республикасынын президентинин расмий сайтында жарыяланган маалыматка таянсак, Коопсуздук кеӊеши - президенттик аппараттын алдындагы өз алдынча түзүм. "Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, өлкөнүн мыйзамдарын, президенттин жарлыктарын жана буйруктарын, президенттик аппараттын жетекчисинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын жетекчиликке алат" деп жазылып турат. Элчи Кылычбек Султан ТИМдеги коррупциялык иштерди президентке жеткирүүгө президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиевге кайрылып, жыйынтык чыгара албаганын айтууда. Бул жагдайда президенттик аппараттын жетекчисинин буйругун аткаруучу Коопсуздук кеӊеши элчинин билдирүүсүн адилеттүү иликтеши мүмкүнбү? Дал ушундай жагдайдан улам Кылычбек Султан иликтөөлөр аяктаганга чейин Эсеналиевди, Абдылдаевди жана өзүн кызматтан убактылуу четтете турууну өтүнүп жатат. "Эгерде жогорудагы жетекчилерди убактылуу кызматтан четтетүү мүмкүн эмес деп тапсаңыз, анда мени өз каалоом менен кызматтан бошотууңузду суранам. Анткени түзүлгөн кырдаалда кызматтык кызыкчылыктардын кагылышына байланыштуу адилеттүү иликтөө жүрүшү мүмкүн эмес деп эсептейм", - дейт элчи.

Окуя кайсы жол менен өнүгөт? Кызыкчылыктардын кагылышына жол бербей, түзүлгөн жагдайды бейтарап, адилеттүү иликтөө үчүн аталган үчөө кызматтан убактылуу четтетилеби же бузулган айлампа жеңип кетеби? Эрк президентте...

Парламентте КСДП фракциясы депутат Кожобек Рыспаевди фракциядан чыгаруу боюнча партиянын сунушун карады. Жыйынга журналисттер киргизилген жок. Жыйындан кийин фракция лидери Иса Өмүркулов "Кызуу талкуу болду, Рыспаевди фракциядан чыгаруу же калтыруу кийинки аптада чечилет" деди. Депутат Рыспаев өзү жооп берүүнү каалаган жок.

Быйыл августта КСДПнын саясий кеӊеши "партиянын максатына каршы иш-аракети үчүн" деп Кожобек Рыспаевди партиянын катарынан чыгарган. Ушундай эле ишти КСДП фракциясына да сунуштаган. Ал эле эмес, партиянын саясий кеңеши Рыспаевди комитет төрагалыгынан кетирүүнү, депутаттык комиссиялардан, туруктуу делегациялардан чыгарып салууну сунуштаган. Бул сунуш аткарыла элек, учурда Рыспаев парламенттин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетин жетектөөдө. Аны комитет төрагалыгынан кетирүүнү жалгыз КСДП фракциясы эмес, 50дөн ашык депутаттын “макул” деген добушу чечет. Рыспаев өзү фракциядан өз каалоосу менен чыкпай турганын айтып келет.

Акыркы 7 жылдык тажрыйбада парламенттеги фракциялар үчүн депутатты фракциядан чыгаруу иши оорчулук жарата элек. 2012-жылы Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов "партиянын ички ынтымагына доо кетирип жатат" деп "Ата Мекен" партиясынан жана партиянын парламенттик фракциясынан чыгарылган. Жээнбеков менен Абдрахманов бул чечимди "партиялык диктатура, өз пикири бар депутаттарга кысым" деп аташкан. 2017-жылы депутат Жанар Акаев "фракцияга каршы аракети үчүн" деп КСДП фракциясынан куулган. КСДП ушул өңдүү эле түшүндүрмө менен Рыспаевдин фракциядан чыгарылышын талап кылып жаткан кези. Болгон айырма, Жанар Акаевдин тагдырын чечкенде КСДП фракциясы менен партия бир күүдө, бир багытта эле. Азыр КСДП фракциясында партиянын төрагасын колдоочулар аз, демек абал, Рыспаевдин пайдасына ойношу мүмкүн...

Сеул аэропортунда чыр салган министрдин орун басары Зууракан Каденованын чуусу басыла электе вице-премьер Алтынай Өмүрбекованын Ошко сапары талкууга түштү. Өмүрбекова Кара-Суу районундагы мектептин ачылышына 2 саат кечигип барганын, аны тосуп алууга даярдалган окуучулар ысыкта өздөрүн жаман сезип, аларды көлөкөгө алып барып эс алдырууга туура келгенин "Турмуш" басылмасы жазып чыкты.

Вице-премьер менен Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү бул маалыматты четке кагышты. Райондук билим берүү тармагын жетектеп жаткан Сүйүнбай Исаков иш-чара белгиленген мөөнөттөн 5 мүнөт эрте башталды десе, Өмүрбекова 30 мүнөт эрте башталды дейт. Окуя чиновниктердин өткөндөн сабак албасын көрсөттү. "Мектеп окуучуларын тизгиле деп буйрук берилген эмес. Мындан кийин мындай иш-чараларга балдарды тартууга тыюу салабыз", - дейт вице-премьер. Тыюу 3 жыл мурун эле салынган. 2015-жылы Ош шаарында ал кездеги премьер Темир Сариевдин келишин күтүүдө окуучу кыздардын бири эс-учун жоготуп кулап түшкөн. Бул окуядан кийин Сариевдин тапшырмасы менен "өлкөдө бийлик өкүлдөрүн тосуу үчүн мектеп окуучуларын тартууга тыюу салынсын" деген буйрук чыккан. Бүгүн "иш-чара өз убагында башталды, окуучулар кыйналган жок" деп актанып жаткан жергиликтүү чиновниктерди жок эле дегенде ушул буйруктун негизинде дисциплинардык жазага тартууга болот...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан