Маалыматка ылайык, бул буйрук премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен чыгарылды. "Эми мектеп окуучуларын мамлекеттик жана балдар майрамдарынан тышкары расмий жолугушууларга, иш-чараларга тартууга тыюу салынды",- деп билдирет мекеме.
Айта кетсек, кечээ, 7-майда Ош шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чарада өкмөт башчы Т.Сариевдин келишин күтүп отурган бир ардагер менен окуучу кыз эс-учун жоготуп кулап калышканы маалым болгон.