Депутат Тиллаев УКМК мөңгүлөрдүн абалы боюнча маалыматтарды жашырып жатканын айтты

"УКМК Кыргыз өлкөсүнүн мөңгүлөрүнүн учурдагы абалы тууралуу маалыматтарды сыр сактап, маалымат бербей жатат деп уктум. Чынбы ушул?" деп депутат Таабалды Тиллаев парламенттин жалпы жыйынында маселе көтөрдү.

Анын айтымында, мөңгүлөр кандай абалда экенин иликтеп, тийиштүү чараларды көрүш керек.

"Мөңгүлөрүбүздүн абалы кандай? УКМК тараптан маалымат сыр сакталып жатканы айтылды. Мөңгүлөрдү сактоого биздин күчүбүз жетпесе эл аралык донорлор тарабынан колдоо алалы. Тажикстан, Өзбекстан ошентип колдоо алып жатыптыр", - деди Тиллаев.

Өкмөттүн Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлү маалыматтар сыр сакталбай турганын айтты. "Окумуштуулар менен иштеп, абалын карап жатабыз. Октябрда тоолор боюнча форум өтөт. Ошондо донорлор менен иштөө маселесин көтөрөбүз", - деди ал.

Учурда Жогорку Кеңеште атмосфералык абаны коргоо, экологиялык экспертиза жөнүндө мыйзам долбоорлору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан