Өкмөт: "Кыргыз өлкөсүнө электромобил заводун куруу боюнча Кытай менен сүйлөшүү жүрүп жатат"

"Силер көйгөйдүн алдын албай эле кесепети менен күрөшүп жатасыңар" деп депутат Тынчтыкбек Шайназаров өкмөттүн Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлүнө кайрылды.

Эл өкүлү Бишкекте сапатсыз унаалардын таасиринен аба булганып жатканын айтты. "Бул багытта так кандай чаралар көрүлүп жатат? Унаанын техникалык текшерүү талабын алып салып туура эмес кылдык. Бишкектин булганган абасынын 90 пайызына унаалар күнөөлүү деп отурабыз", - деди Шайназаров.

Өкмөттүн өкүлү абаны тазартуу боюнча аракеттер жүрүп жатканын айтып, унаалардын сапатын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирди. "Президентибиз Кытайга болгон сапарында сүйлөшүп келди. Алар менен электромобил заводун куруу боюнча талкуулап жатабыз. Келерки жылы аягына чыгабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
titanik32
2018-09-26 11:18:38
Электромобилдин бизге оң терс жактарын түшүндүрүп койсо болмок.Электромобилди бир заряды 100 км жетет экен,Бишкектен Ошко жөнөсөк Сосновкага келип алып 4-5сааттан заряддап жол улап келе берет экенбиз да анда эле.Же только шаарга жүрө турган болот бекен,мага ар тараптуу кызык суроолор көбөйүп жатат.
0
keba300989
2018-09-26 11:19:41
охоо анда өнүгүп кетбейбизби
0
Shef87
2018-09-26 11:37:14
Кытайга илешип тен ата суйлошалбай карызга батып жерди алдырмай болду окмот
+3
senchi
2018-09-26 12:17:22
Shef87,менда кошулам сөзүнө
+1
terabait
2018-09-26 14:05:16
Көч бара бара оңолот дегендей жакшы жаңылык экен канакей калган өндүрүштөр акырындап оң жагына чечилип биздин сүйүктүү Кыргызстаныбыз өнүгүп эң алдыңкы мамлекеттердин сап башында турса биздин уул кыздарыбыз келечекте өзүбүздө эмгектенсе
-2
Bayastankyrgyz
2018-09-26 16:01:49
Электромобилдер.. Булар тегиз жерлер учун гана.. Тоо ашууларга жарабайт...
+1
erlan2196
2018-09-26 20:10:07
10 мин кытайды жумушка орноштуруп коюшат.
+2
Diana-Ban
2018-09-26 23:50:39
Суйлошуу ийгиликтуу отуп завод ачылса эн соонун болот! Бензинге талап азайып баасы томондомок. Аба тазарып, жол кире арзандамак, элдин чонтогуно да женил болмок. Мыкты идея! Колдош керек. Казак менен Орустун мунай затынан коз карандылыктан чыкмакбыз. Келечеги чоон проект! Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан