"Чиновниктердин иш сапарларынын акчасын кыскарталы" деди депутат Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин жыйынында. Учурда эл өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согушта чет өлкөдө калып калган Кыргыз жарандарынын бейитине барып куран окууга туугандарына каржылык көмөк көрсөтүү боюнча мыйзамды карап жатат.
Депутат Алмамбет Шыкмаматов эл өкүлдөрүн аталган мыйзам долбоору үчүн каражат бөлүп берүүгө чакырды. "Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн эмгек сапарларына жылына 20 миллиард сом кетип жатат. Акча жок болсо, биз да сапарларды кыскарталы. Ата-бабанын арбагына 3 миллион сом бөлөлү десе, каршы чыгып жатабыз. Шайлоодо элге эмне деп убада бердик эле?" - деди Шыкмаматов.
Маалыматтарга караганда, аталган согуш учурунда Европа өлкөлөрүндө жана КМШ аймагында 56 миң Кыргыз жараны калып калган. Өкмөт аталган демилгени ишке ашырууга каражат жетпей турганын айтып жатат.
Эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоорун артка кайтаруу демилгесине 15 мүнөттүк танапистен кийин добуш бермей болушту.