Баткен районунун Сайтраим Абдилатов аттуу тургуну уулу күнөөсүз жерден кылмышка шектелип жатканын айтып, акыйкат издеп 22-сентябрда Бишкекке жөө жөнөгөн. ИИМдин басма сөз кызматы Абдилатов жолдон туугандары аркылуу артка кайтарылганын маалымдады.
"Кызыл-Кыя шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча толук маалымат беребиз жана акыйкат тергелишин министрлик өз көзөмөлүнө алгандыгын билдиребиз. Учурда иликтөө иши башталды. Ал эми кылмышка шектүүнүн атасын туугандары жолдон артка кайтарышты. Андан сырткары алар жол кырсыгынан каза болуп калган жарандын жакындары менен байланышып, кечирим суроо үчүн Араван районуна жөнөп кетишти", - деп кабарлашты ИИМден.
2018-жылдын 25-августунан 26-августуна караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында белгисиз айдоочу автоунаа менен Араван районундагы Найман айылынын 41 жаштагы М.Н. аттуу тургунун сүзүп, качып кеткен. Натыйжада М.Н. денесинен алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми милиция жол кырсыгына шектүү катары Сайтраим Абдилатовдун 21 жаштагы уулун кармап, камакка алган.