Биз социалдык тармакта

Кыргыздар сүйүп жеген дубай шоколады Жакынкы Чыгыштагы согуштан улам кымбаттоодо

Акыркы жылдары популярдуулукка жеткен дубай шоколадын өндүрүүчүлөр мистенин жетишсиздигинен улам кыйынчылыктарга туш болууда. Бул тууралуу Financial Times жазды.

Дубай шоколады Кыргызстанда 2024-жылдан тарта өзгөчө трендге айланып, социалдык тармактарда кеңири талкууланып, кофе дүкөндөрү менен кондитерлердин менюсуна активдүү киргизилген. Анын негизги өзгөчөлүгү – мисте кошулган крем.

Дүйнөдөгү эң ири мисте жеткирүүчүлөрдүн бири болгон Иран жалпы өндүрүштүн болжол менен 20 пайызын, ал эми экспорттун 30 пайызына чейин камсыздайт. Бирок Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал жана чабуулдардан улам логистикалык чынжырлар бузулуп, мистени экспорттоо кыйындады.

Кеме ташуучу компаниялар каттамдарын өзгөртүп, жеткирүү мөөнөтү узарып, чыгымдар көбөйдү. Натыйжада мистенин баасы кескин өсүп, акыркы жылдардагы эң жогорку чекке - килограммы дээрлик 10 долларга жетти.

Ошол эле учурда мистелүү десерттерге болгон суроо-талап дүйнө жүзүндө өсүүдө. Бул рынокко кошумча басым жаратып жатат.

Учурда өндүрүүчүлөр чийки затты башка өлкөлөрдөн сатып алууга аракет кылып жатышат. Бирок ирандык мистенин даамы өзгөчө бай болгондуктан, аны толук алмаштыруу оңой эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан