"Этникалык кыргыздардын укугун да сатышыбыз керек болуп жатат" деди Акыйкатчы кызматына талапкер Токон Мамытов парламент жыйынында.
Ал Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын укугу бузулуп жаткан 4 багытты санап берди.
“Биринчи багыт - бул балдардын укугу. Акыркы учурда бизде балдарга зордук-зомбулук күчөп жатат. Экинчи багыт - бул аялдардын укугу. Үчүнчү багыт – бул адамдарды кыйноо. Тергөө учурларында мыйзам бузуулар катталып жатат. Төртүнчү багыт - бул мигранттардын укугу", - деди ал.
Мамытов абактагылардын көпчүлүгү тергөө иштери узак мөөнөткө созулуп кетип, укуктар тепселенип жатканын кошумчалады.