Акыйкатчылыкка талапкер Рыскул Бактыбаев: "Мигранттарды укуктук жактан окутуп, анан чет өлкөгө чыгарышыбыз керек"

"Мигранттарды укуктук жактан окутуп, анан гана чет өлкөгө иштегени чыгарыш керек. Болбосо башка мамлекетке барып, аларга жардам бере албайбыз". Мындай пикирин Акыйкатчылыкка талапкер Рыскул Бактыбаев парламент жыйынында платформасын айтып жатып билдирди.

"Адам укуктарынын негизгиси - бул жашоо укугу. Ошондуктан бизде өлүм жазасына, кулчулукка тыюу салынган. Ар бир адам - кол тийбестикке, эркин жашоого укуктуу. Жаран сот тарабынан күнөөлүү деп табылганда гана жазага тартылат. Тергөө учурунда укук бузуулар көп катталып жатат. 25 жылдан ашык прокуратура системинде иштеп келдим. Шайланып калсам, топтогон тажрыйбамды пайдаланып жакшы иштемекмин. Соттордун туура эмес чечиминен 2-3 жыл камакта отуруп, кийин акталып чыгып кеткендер бар", - деди ал.

Учурда парламентте Акыйкатчыны шайлоо өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jasa
2018-09-26 20:23:31
Силер окуткуча уйундогулор ачка отурабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан