Айдоочунун ур-тепкисине кабылган жаран унаа токтотуучу жайда иштеп жатканына 3 күн болгон

Бишкекте айдоочунун унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкерин ур-токмокко алган видеосу интернетке тарап, кызуу талкууга алынып жатат. Ур-токмокко кабылган кызматкер журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартып, аны менен чогуу иштеген Жумабек Шайымкулов SUPER.KG'ге окуя тууралуу оюн билдирди. Анын айтымында, айдоочулардын аларга карата мындай терс мамилеси байма-бай катталып келет.

"Ушинтип бизге келип ал-жайыбызды сурап, көңүл буруп койгонуңарга рахмат. Кесиптешим сабалган видеону эртең менен көрдүм. Унаа токтотуучу жайда уруштун баары 40 сомдун айынан чыгат. Айдоочулардын көбү "силер акчаны чөнтөгүңөргө салып жатасыңар, төлөбөйм" дешет. Бирок биз ар бир орунга төлөнгөн акчаны тапшырабыз, төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк беребиз. Баары тең мыйзамдуу. Унаа токтотуучу жайлар шаардык мэрияга караштуу.

Мен бул жерде 10 миң сом айлык алып, бир жарым айдан бери иштеп жатам. Ар бир кызматкер план менен иштеп, түшкөн акчаны дароо тапшырып турабыз. План боюнча ар бир кызматкер күнүнө 1 миң 300 сомдун тегерегинде акча тапшырат", - дейт Шайымкулов.

Ал эми ур-токмокко кабылган кызматкер аталган жайда иштеп жатканына 3 күн болгонун кошумчалады.

Бишкектеги унаа токтотуучу жайдын кызматкерин ур-тепкиге алган айдоочу камакка алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aikaaaa
2018-09-26 15:23:10
Байкуш киши аябай эле коркуп калган го, маалымат бергенден да баш тартса. Тиги күлтүйгөн неме эртең да келип баса калбасын деген го, эмне деп сүйлөдүң деп
+2
Jigitchem
2018-09-26 16:42:59
Балдары жокко ээ болбосо чыгат эле
0
zevs
2018-09-26 21:57:25
Toybogon chondor bow jatkan jerden akcha alasynar owonu 40 som kylbay 20 som ele kylyp koysonor bolmok el dagy konuldon akcha chygaryp bermek.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан