"Акыйкатчылыкка мээримдүү, боорукер адам керек". Депутат эркек талапкерлерди жалгыз аял талапкерге жол берип, шайлоого катышуудан баш тартууга чакырды

"Аялдар мээримдүү. Акыйкатчылыкка да аялдар барса туура болот" деди депутат Карамат Орозова парламенттин жыйынында.

Ал аталган кызматка аялдардан жалгыз талапкер болуп жаткан Рита Карасартованы колдоого чакырды.

“Акыйкатчылыкка мээримдүү, боорукер адам керек. Андай сезимдер энеде көп болот. Талапкер 4 мырзабыздан 1 аял талапкерибизге мүмкүнчүлүк берүү боюнча ойлорун угайын дегем”, - деди Орозова.

Талапкер Токон Мамытов: "Баш тартсак - бул Рита Карасартованы басмырлаганыбыз, тебелегенибиз, укугун бузганыбыз болот да. Силер эле чечкиле", - деди.

Талапкер Руслан Бактыбеков талапкерлигин алып коюшса атаандаштык болбой кала тургандыгын айтты. "Парламент шайлабай эле дайындаган болуп калат", - деди ал.

Талапкер Канатбек Азиз бул маселени парламент өзү чечиши керектигин айтты.

Учурда Жогорку Кеңеш акыйкатчыны шайлап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан