Рыскелди Момбеков: "Акыркы акыйкатчылар жогору жактан тандалган. Шайлаган биз болгонбуз. Жайлаган да биз болдук"

"Буга чейин акыйкатчылар жогору жактан тандалып келген" деди парламент жыйынында депутат Рыскелди Момбеков. Ал Рита Карасартованын талапкерлигин колдой тургандыгын айтты.

"Буга чейин акыйкатчылар акылсыз эмес, алсыз болгон. Акыркы акыйкатчылар жогору жактан тандалган. Шайлаган биз болгонбуз. Жайлаган да биз болдук. Мамлекетке Токон Мамытов керек болсо, анда баарыбыз аны шайлашыбыз керек. Мамлекетке керек эмес болсо Токон Мамытовду жайлашыбыз керек да, Рита Карасартованы шайлашыбыз керек. Болду. Өмүр бою адамды кордогондор адам укугун коргойм деп жатат. Талапкерлигин алып кой десе, албай жатат го. Жол бошотсоңор Рита айым рахмат деп айтмак. Мен бул талапкерлерге ишенбейм", - деди Момбеков.

Учурда Жогорку Кеңеш акыйкатчыны шайлап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан