"2005-жылкы окуяларда алдын ала мындай кылганга болбойт деп айттыңыздар беле" деп депутат Мирлан Жээнчороев Токон Мамытовдон парламент жыйынында сурады.
Ал акыйкатчылыкка талапкер Токон Мамытовдон 2005-жылы кандай кызматта отурганын сурады.
“Мен ал учурда УКМКнын төрагасынын орун басары болчумун. 2005-жылкы окуядан кийин маркум Дооронбек Садырбаев аталган маселе боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү болчу. Ал "ушул кызматкерлерге рахмат айтыш керек экен. Атайын кызматтын айтканын кылбастан, бийлик эми таз кейпин кийип калды" деп айткан. УКМК жардам берели деп оппозицияны бийликке жолуктурганга аракет кылганбыз. Бирок Нооруздан кийин аларды жогорку жак кабыл албай койгон”, - деди ал.
Ошондой эле мындай аракеттер 2010-жылга чейин да болгонун кошумчалады. "Топчубек Тургуналиев, Болот Шамшиев, мен сыяктуу бир нече адамдар президенттин жанында болчу. Башкалар президентке айта алган эмес. Мыктыбек Юсупович (Абдылдаев - ред.) бийликке кемчилигин айтып, кызматын таштап кеткен. Муну айтпайын дедим эле. 2009-жылы бийликке нааразы болуп, көпчүлүгүбүз кызмат ордубузду таштап кеткенбиз", - деди Мамытов.