Жазаларды аткаруу кызматы: "№2-аялдар абагында учурда 344 аял жаза аткарууда"

Бишкектин четиндеги Степное айылындагы №2-аялдар абагында учурда 344 аял жаза аткарууда. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жоробек Дүйшенбиевдин айтымында, алардын көпчүлүгү киши өлтүрүү жана баңгизат колдонуу беренелери менен соттолгон.

"Учурда 344 аял жаза мөөнөтүн аткарып жатса, көпчүлүгү баңгизат колдонгону үчүн жана киши өлтүрүү беренелери менен соттолгондор. Азыр жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатат. Жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин соттолгон аялдардын саны азаят деген үмүт бар", - деди Дүйшенбиев.

Бүгүн, 26-сентябрда аталган абак жайда "таза аймак" борбору ачылды. Аталган жайды ачуунун максаты өз эрки менен ичимдик жана баңгизаттарды колдонуудан баш тарткан аялдарды калыбына келтирүү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан