Айдоочу унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкерин эмнеге урганын айтып берди

Бишкектеги унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкерин ур-тепкиге алган айдоочу бүгүн, 26-сентябрда шаардык милиция тарабынан суракка алынып, окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын айтымында, окуяга унаа токтотуучу жайдын кызматкеринин калп айтканы себеп болгон.

"Кызым ооруп калып, маанайым жок ооруканадан келе жаткам. Унаамды унаа токтотуучу жайдан чыгарып бара жатсам ал кызматкер алдымдан чыгып “сен токтоп тур, мен башка унааны чыгырып жиберейин” деди. Мен шашып жатканымды түшүндүрүп, унаамды айдай бердим. Ал унаамдын каптал тарабына өтүп, аны бир тепти. Мен "байке, бул эмне кылганың?" десем, "карабайсыңбы, бутумду тебелеп кеттиң!" деп калп айтты. Мен жанына жеткиче да көп нерселерди айтты, сөгүндү. Аны сүзгөн эмесмин, ал капот жакка туруп алды. Мен ачууланып кеттим. Калп айтып, мени сөкпөсө, мен андайга барбайт болчумун. Улуу киши болсо, улуудай болбойбу, унаамды тепкени туура эмес. Эгерде ал сөгүнбөсө, калп айтпаса “жасатып бересиң” деп коймокмун. Чындыгында улуу кишиге кол көтөрдүм деп өкүнөм, бирок ал өзү ошого жеткирди. Сөгүнбөсө, жакшы сүйлөсө, мындай болмок эмес", - дейт айдоочу.

Анын бул аракетине карата Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Эске салсак, кечээ, 25-сентябрда интернетке "Мега Комфорт" соода борборунун жанындагы унаа токтотуучу жайда айдоочу улгайган жумушчуну сүзүп алган. Интернет колдонуучулар улгайган кишини ур-токмокко алган айдоочуну жоопко тартууну талап кылышкан.

Бишкекте айдоочу унаа токтотуучу жайдын улгайган кызматкерин сабап салды
Бишкектеги унаа токтотуучу жайдын кызматкерин ур-тепкиге алган айдоочу камакка алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
R_u_S
2018-09-26 17:56:57
Сөзүндө канча жалган болду экен, түшүндүрүп айткан адамга окшобойт.
+6
Bahabrat79
2018-09-26 18:19:59
Ушул парковшиктерге акча бербеш керек. Байкасаңар бүт парковщиктер жалкоолор. Ал эмне жол салдыбы, же сенин машинени кайтарып отурабы. Бир нерсе болсо жооп бербейт. Чыгайын деп атсаң эле жанында турат кашайтып. Мен чампакты колдоймун
-7
adiaza
2018-09-26 19:17:29
Айтпадыбы настроениям жок болчу деп, тиги парковщик кое тур башка машинаны чыгара коеюн деп ого бетер настроениясын тушуруп салган турбайбы ))))). Дагы бир дардаландаган неме да жалгыз эле анын жумушу бардай башкалардыкы жок болчудай
+3
adiaza
2018-09-26 19:24:47
Акыркы кундору элдерде такыр эле сабырдуулук тугонуп бараткандай, кочолордогу корунушторго конул бурсак мындай окуялар кундон кунго кобойуп келе жатат кичине акчалуу боло калса башка элдерди козго илбей кемсинтишип, этика тарбия деген нерсени унутуп баратабыз.
+1
bond02
2018-09-26 19:39:53
Камап койгула да настроениясы которулуп калсын.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан