"Кыргыз авиациясы Европанын "кара тизмесинен" акча төлөбөй туруп чыгат" дейт министр

"Кыргыз авиациясы 2019-жылдын декабрь айына чейин Европа биримдигинин "кара тизмесинен" чыгарылат", - деп бүгүн, 26-сентябрда өкмөттүн жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Ал бул иш боюнча учурда тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтты.

“Европа биримдигинин "кара тизмесинен" чыгуу боюнча иштеп жатабыз. Кыргыз авиациясы бул тизмеге 2006-жылы кирген эле. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Кийинки жылдын декабрь айына чейин "кара тизмеден" чыгуу планданууда. Коңшу Казакстан да "кара тизмеге" кирип калып, көп акча төлөп чыккан. Биз болсо акча төлөбөй эле чыгуу жолдорун карап жатабыз”, - деди Калилов.

Ошондой эле ал жол куруу тармагында каражатты үнөмдөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Айта кетсек, 2006-жылдан тарта Кыргыз өлкөсүнүн бардык авиаташуучулары Европа биримдигинин "кара тизмесине" киргизилген. Бул Европа аймагында учууга тыюу салынганын билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sahka
2018-09-26 20:04:23
Кайсы авиакомпанияны чыгарганы жатат кыйраткансып. Эски, шалдырап калган самалеттору менен. Эйр Манас, Авиа Трафиктен башка компания калбады го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан